Пайдалуу кеңештер

Союздан калган майлар: кайсынысы кандай көйгөйгө колдонулат?

Дарыканага кирсең мазь түрүнөн көзүң адашат. Бирок кайсы бир учурда керектүү мазь таппай калышыбыз мүмкүн. Анан ошол жөнөкөй нерсени билүү үчүн дарыгер тааныштарыбыздын жанын койбой сурай баштайбыз. Ошондуктан ар кандай жагдайларда биринчи жардамчы болчу мазь тизмесин жаттап алыңыз.

Вишневский мазь — ириңди алып чыгат, сезгенүүнү жок кылат, безетки чыкканда жардам берет, теринин алдындагы безеткилерден тазалайт.

Левомеколь — кычышууну басат, тери исиркектегенде жардам берет, жарааттарды айыктырат.

Стрептоцид — жарааттарды айыктырат, ооздун бурчтары жарылып кеткенде жана стоматитти айыктырат.

Бепантен — терини жумшартат, теринин кызаруусун бат таратат, теринин кургашына каршы да колдонулат.

Салицилово — цинк мазы — суусу агып калган безеткилерди кургатат, тез жардам берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button