Өзүңүздү башкалардан сиңирип алган терс нерселерден тазалаңыз: 23-сентябрга гороскоп

Кой. Бул жылдыз белгисинин алдында төрөлгөндөр үчүн бүгүн — абдан жакшы күн. Көргөн түштөрүңүздү унутпаңыз, ал аян түш болушу мүмкүн. Айым-койлор бүгүн өзгөчө сүйкүмдүү болуп, көпчүлүктүн көңүл чордонунда калат жаны аны пайдаланып бир катар көйгөйлөрдү чечип алышса болот. Эркектер эски достору менен жолугушат. Эски таарынычтарды эмес, жакшы көз ирмемдерди гана эстеп, кечти сонун өткөрөсүз.
Букачар. Алдыда өтө талаштуу жана анчалык жагымдуу эмес күн турат. Букачар -эркектер жумушта катуу жаңжалдын ортосуна түшүп калышы мүмкүн, бул жумуштан кетүүгө чейин алып келет. Тирешүүгө барбай, унчукпай койсоңуз, баары өзүнөн өзү жайына келет. Аял-букачарлар, өзүңүзчө эле көйгөйлөрдү ойлоп таба бербеңиз, чындыгында сизде баары сонун.
Эгиздер. Профессионалдык жактан Эгиздер үчүн абдан жакшы күн. Эркек-эгиздердин жумуш сапарлары жана иштиктүү сүйлөшүүлөрү абдан жемиштүү болот. Башка бардык аракеттери дагы ийгилик менен коштолот. Аялдар болсо, өз башы менен ойлонуп, шашылыш чечим чыгарбай, планына карата иш кылса, бул жакшы жыйынтыкка жеткирет.
Бөйөн. Бөйөн үчүн пландарын ишке ашырууга ылайыктуу күн. Бул күнү кесиптик ишмердүүлүгүн өзгөртүүдө эркек — бөйөндөргө ийгилик келет. Сиз жаңы, маянасы жакшы жумуш табасыз. Аял-бөйөндөрдүн интуициясы жогорулайт, бул аларга ар кандай тапшырманы аткарууга жардам берет. Сиз акыркы жыйынтыкты алдын ала билип, ар кимден эки кадам алдыда болосуз.
Арстан. Ийгиликке жетем деп жатып “арстандар” учурдагы иштерди унутта калтырышат. Жетекчиликтин каарына калгыңыз келбесе, андай кылбаңыз. Эркек-арстандар бизнесте кыйынчылыктарга туш болушат. Ошондуктан бардык маанилүү чечимдерди кабыл алууну жана документтерге кол коюуну башка күнгө жылдырыңыз. Аял-арстандар өз түйшүктөрүн башкалардын мойнуна жүктөгөнгө аракеттенгени үчүн жумушта да, үй-бүлөдө да кыйынчылыктарга туш болушат.
Бийкеч. Бийкечти көп нерсе кыжырдантат. Күндүз кесиптештерге жана жетекчиликке кыжырданууңуз күчөйт. Чыныгы сезимдериңизди көрсөтпөөгө аракет кылыңыз, антпесе сиз иштей элек жатып команда менен мамилеңизди бузуп аласыз. Кечти өзүңүзгө пайдалуу өткөрүүгө аракет кылыңыз. Спорт залга барыңыз, медитация жасаңыз, ал эмоционалдык абалыңызды калыбына келтирет.
Тараза. “Таразалар”, сылыктык менен маектеш болууга аракет кылып, арыздарды аягына чейин угуңуз. Бул кеңешти баарынан да эркектер карманышы керек. Сиздин бүгүнкү күнүңүз кардарлардын нааразычылыгын жана арыз-датынан угуу менен өтөт, бирок сизде андай пикир келишпөөчүлүктөрдү чечүүгө акыл жана тажрыйба жетиштүү. Ал эми аял-таразалар көбүрөөк пайданын булагын табышат же карьералык тепкичке көтөрүлүшөт.
Чаян. Күн “чаяндарга” жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Муну пайдаланууга аракет кылыңыз. Эркектер эң жакшы абалда болушат, бардык пландаштырылган тапшырмаларды аткарууга жана учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө үлгүрүшөт. А аялдар адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, өздөрүнүн гана эмес, унутта калган кесиптештеринин да укуктарын коргошот.
Жаачы. Жаачы үчүн бардык жагынан сонун күн болот. Демилгеңизди көрсөтүңүз, бул сизге материалдык жыргалчылык алып келиши мүмкүн. Жардамга муктаж болсоңуз, аны ишенген адамдарыңыздан гана сураңыз. Айрым адамдар сизге зыян келтирүүгө аракеттениши мүмкүн, сак болуңуз жана алынган маалыматты сөзсүз текшериңиз.
Текечер. “Текечерлер” өздөрү үчүн жаңы багытты изилдөөнү чечсе, бул күнү билим оңой сиңет. Күн ири сатып алууларга, келишимдерди түзүүгө жана келишимдерге кол коюуга ылайыктуу. Конокторду кабыл алуу сунушталат, алар сиздин үйүңүздү көңүлдүү жашоого толтурат. Бирок азыр ар кандай тобокелчиликтердин жана шашылыш чечимдердин учуру эмес.
Суу пери. Чарчоолор чегине келип жетти. Эмоционалдык жактан сиз толугу менен жок болуп кеттиңиз. Сиз эми өзүңүздү башкалардан сиңирип алган терс нерселерден тазалашыңыз керек. Буга медитация жана тилек тилөө жардам берет. Тазалануунун дагы бир ыкмасы -узак сапарга чыгуу.
Балык. Улгайган “балыктар” үчүн абдан жакшы күн. Алар энергиянын толкунун кармашып, достору менен убакыт өткөрүшөт. Жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Бейтааныш адамдар менен баарлашууда этият болуңуз. Шашылыш чечим кабыл албай, адегенде алар сизден эмнени каалап жатканын түшүнүңүз.



