Пайдалуу кеңештер
8 эң маанилүү кеңеш: Чарчап турганда чечим кабыл алба!

Күнүмдүк жашоодо жардам берчү 8 маанилүү кеңешке кулак салыңыз:
- Эч убакта чарчап турганда чечим кабыл алба. Андан көрө укта! Кечкиге караганда эртең менен акылдуу болосуң.
- Ачууланып турганда эч ким менен сүйлөшпө. Тынчтанып алгандан кийин көп нерсе көзүңө туура көрүнө баштайт.
- Сен тандаган тармакта же чечим алган жагдайда ийгиликке жеткен адамдын кеңешине кулак сал.
- Өзүңдү өтө эле олуттуу кабыл алба. Кандайдыр бир туура эмес иш жасаганда өзүңдү жемейди коюп, күлкүгө айлант.
- Адамдарды тез кечир, алар сага атайылап жамандык жасаган күндө да. Таарынып жүрүүгө жашоо абдан кыска.
- Берешен бол. Берешендик акыркы эсепте өзүңө кайтып келет дагы, ыраазычылыгын билдирет.
- 100 жыл алдыңкыны ойлоно жүр. Азыр жасап жаткан иштериң 100 жылдан кийин жашоочуларга кандай таасирин тийгизээрин элестет.
- Сени тааныбаган адамдар сен жөнүндө эмне ойлооруна санааркаба. Бирок сени тааныган акылдуу адамдардын кебине кулак төшө. Кимдир бирөө сенин айтканыңа макул болбосо, бул дайым эле сенин оюңду туура түшүнбөй калды дегенди билдирбейт.



