Коом
УКМК: Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы оорукананын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК 2010-жылы жеке тараптар менчиктештирип алган Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы айылдык участкалык оорукананы мамлекеттин менчигине кайтарып берди.
Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө оорукананын ээси өз ыктыяры менен базар баасы 315 млн.111 миң сомдон ашык 10618 м2 жер тилкесин 2525 м2 административдик имараты менен мамлекеттин кирешесине өткөрүп берди.
Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо иштери улантылып жатат.



