Коом
Балбак Түлөбаев министрдин орун басарына: Мени келесоо ойлойсуңарбы?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев аймактарда жылдан жылга ичүүчү жана сугат суу тартыштыгы көбөйүп баратканын белгиледи.
Ошондой эле, ал Айыл чарба министрлигине Тоң районундагы ирригациялык каналдын жана суу сактагычтын курулушу создуктурулуп жатканы боюнча кайрылганын, бирок алар такыр башка канал боюнча жооп беришкенин айтты.
«Мен айткандан такыр башка канал тууралуу маалымат бериптирсиңер. Ал жакта жазылгандардын баарын баарыбыз билебиз, же мени келесоо ойлоп жатасыңарбы?» — деген депутат айыл чарба министри Алмазбек Сокеев Кытайда иш сапарында жүргөндүктөн парламент жыйынына катыша албай калганын билгенден соң, Сокеев келгенден кийин гана, аны менен бул темада сүйлөшөөрүн билдирди.



