Германия «Талибанды» сотко берет: аялдардын укугун бузууда

Германия, Австралия, Канада жана Нидерландия Афганистандагы башкаруучу «Талибан» кыймылын (Россияда террорчу деп таанылган жана тыюу салынган) аялдардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу Эл аралык сотко доо арыз менен кайрылат. Бул тууралуу Батыш өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери БУУдагы жолугушууда билдирди, деп жазат New York Times.
Дипломаттар «Талибан» Афганистанда «адам укуктарын одоно жана системалуу түрдө бузууларды жана кыянаттыктарды, атап айтканда, аялдар менен кыздарга карата гендердик дискриминацияны» жасап, БУУнун аялдардын укуктары боюнча келишимин бузуп жатканын айтышты. Алар Афганистан менен «Талибандан» эл аралык мыйзамдарды сактоо жана аялдар менен кыздардын укуктарына, анын ичинде билим алуу укуктарына болгон бардык чектөөлөрдү алып салуу боюнча бир нече жолу талап кылынганын, бирок кырдаал мындан ары дагы начарлап жатканын эске салышты.



