Путиндин кызынын температурасы биринчи уколдон кийин 38ге чейин көтөрүлгөн…

РФнын президенти Владимир Путин кыздарынын бири коронавируска каршы россиялык вакцина менен эмделгенин айтты. Бул туурасында 11–августта INTERFAX.RU билдирди.
«Мен билем, бул вакцина (дүйнөдө биринчи жолу расмий каттоодон өткөн коронавируска каршы россиялык вакцина — ИФ), силер айткандай, аденовирустук векторлордун базасында жасалган. Бирок, менин көз карашымда, мунун артыкчылыгы адамдын аденовирустук векторлордун базасында жасалгандыгында турат. Ал так иштеп, антителалык жана клеткалык туруктуу иммунитетти пайда кылат.Муну да мен жакшы билем, анткени менин кыздарымдын бири бул вакцина менен өзүн-өзү менен эмдеди. Мен ойлойм, бул жагынан алганда кызым дагы экспериментке катышты», — деп айтты Путин, өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында.

Биринчи жолку уколдон кийин кызынын температурасы 38ге жеткенин, эртеси 37ден бир аз ашканын айтты Путин.
“Болгону ушул. Экинчи жолу эмделип, укол алгандан кийин температурасы кичине эле көтөрүлдү. Анан кайра эле түштү. Өзүн жакшы сезип жатат, титрлери (коронавируска каршы антитела— ИФ) өтө жогору”. Владимир Путин, РФнын президенти.
Ал коронавируска каршы россиялык вакцина менен эмделген көп адамдарда эч кандай эч нерсе билинбестен, температурасы да көтөрүлбөй эле «эч нерсе болбогондой эле өтүп кеткенин» белгиледи.
Эске сала кетсек, ушул эле жыйында Путин дүйнөдө биринчи жолу Россияда коронавируска каршы вакцина каттоодон өткөнүн жарыя кылган. Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко ал жыйында, сыноо учурунда вакцина жогорку эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун көрсөттү деп билдирген.



