Коом
Милиция кызматкерлери кармашып урушуу боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлешти

2023-жылдын 7-апрелинен 9-апрелине чейин Россия Федерациясынын Москва шаарында кармашып урушуу боюнча аялдар жана эркектер арасында “Достук кубогу-2023” аталыштагы дүйнө кубогу өткөн.
Ага ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери дагы катышып, байгелүү орундарды ээлешти.
Бул спорттук иш-чарада 90+ салмакта 2-орунду полктун атайын операциялар отрядынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын капитаны Максатбек Пирматов, ал эми 3-орунду полктун Баткен шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын Баткен облусу боюнча атайын операциялар отрядынын ыкчам кызматкери милициянын старшинасы Ырысбек Зайиров ээлешти.



