Пайдалуу кеңештер

Балада мите курт бар болсо, кандай белгилерди берет?

Ички мите курттар жаш балдарда көп кездешчү оору, анткени аны жуктуруп алуу коркунучу абдан көп. Айрыкча жайкы активдүү эс алуу, тоо коюнуна, дачага барып келгенден кийин күзүндө бул нерсе көбөйөт.

Мите курттар эмнеден пайда болот?

  • Жуулбаган жашылча-жемиштерди колдонуу.
  • Мите курту бар адам менен байланышта болуу.
  • Коомдук жайларда, коомдук транспортто, дааратканаларда болгондон кийин же топуракта ойногондон кийин колду жуубай жүрүү.
  • Эт жана балык азыктарын термикалык иштетүүдөн жетиштүү өткөрбөө.
  • Мите курту бар жаныбарларды сылап-сыйпоо.

Мите курттун бары-жогу заң тапшыруу, кан тапшыруу аркылуу аныкталат. Бирок айрым белгилерин байкап, ага жараша аракетиңизди көрсөңүз болот. Алар:

  • Бала тез чарчап баштайт, шалдырайт.
  • Ачууланат, ыйлаак болуп калат.
  • Ичи өтөт же ичи катат.
  • Көзүнүн тегерегине кара көлөкө пайда болот.
  • Денесине кызарган тактар чыгат.
  • Көтөн чучугу кычышат.
  • Оң капталында кабырганын алды ооруйт, көңүлү айланат, мите курт боордо болсо териси саргаят.
  • Уйкусу тынч болбойт, уктап жатканда тишин кычыратат.
  • Таттууга өч болот, анткени мите курттар таттууну жакшы көрөт, аны талап кылышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button