Дүйнө

“Иран согуштан коркпойт, бирок согушкусу келбейт”

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арахчи Улуу Британия, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Арахчинин айтымында, Тегеран согуштан коркпойт, бирок ага умтулбайт.

Иран министри Тегеран Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесине ылайык, ч абуулдун боюнча мыйзамдуу коргонуу укугунан пайдаланганын айтты.  Чабуулда жалаң гана аскердик базалар бутага алынган. Ал “үчүнчү тарапты” жаңжалга кийлигишпөөнү эскертти.

 “Операция бүттү, бирок сионисттик режим жооп кайтарууга аракет кылса, биздин жообубуз катуураак болот. Иран согуштан коркпосо дагы, чыңалууну жана согушту күчөтүүгө умтулбайт”, — деп Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Телеграм каналына жарыялады.

Иран 1-октябрда Израилге ири ракеталык чабуул жасаган. Ислам революциясынын сакчылар корпусу аскерий операция Хамастын лидери Исмаил Ханияны, “Хезбалланын” лидери Хасан Насралланы жана Ливандагы КСИР командири Аббас Нилфрушанды Израилдин өлтүрүшүнө жооп болгонун жарыялады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button