“Россия сулуусу — 2024” таажысы ээсин тапты

Чувашиянын 18 жаштагы тургуну Валентина Алексеева “Россия сулуусу — 2024” сынагынын жеңүүчүсү болуп табылып, таажы тагынды.
Сынактын директорунун айтымында, бул жылы сынакка катышуу үчүн 85 миң кыздан арыз келген. Ал эми финалга 50 кыз чыккан.
Ошол кыздардын арасынан “Вице-Мисс Россия-2024” статусун Ирина Миронова (Толятти) жана Ульяна Евдокимова (Санкт-Петербург) алышты.
Сынактын калыстар курамында Россия Федерациясынын Эл артисти Дмитрий Маликов, ырчы Юлиана Караулова, композитор Владимир Матецкий, дизайнер Игорь Чапурин, “Мисс Россия” улуттук сынагынын башкы директору Анастасия Беляк жана стилист Игорь Кимяшов отурду.
Валентина Алексеева эми 16-ноябрда өтө турчу “Дүйнө сулуусу” сынагына Россиянын атынан катышат. Ал ТАССка берген маегинде Россияны дүйнөлүк сынакта татыктуу көрсөтүп, жеңиш менен кайтууга бүт күчүн жумшай турганын билдирген.