Коом

Эртең Бишкектин айрым райондорунда убактылуу суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 5-июнда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Байтик баатыр – Элебаев – Кулатов көчөлөрү, Геологиялык чолок көчөсү – Лев Толстой – Жукеев Пудовкин (Горький көчөсүнөн төмөн) – Матросов – Ибраимов көчөлөрү менен чектешкен жерде суу берүү өчүрүлөт.

Бул убакта «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин пландоодо.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button