Коом

ИИМдин Күзөт кызматында “Санарип күзөт” долбоору ишке киргизилди

2023-жылдын 31-октябрында ИИМдин Күзөт кызматында өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында “Санарип күзөт” долбоорунун иштеши көрсөтүлдү.


Иш-чарага ички иштер министринин орун басарлары милициянын генерал-майорлору Октябрь Урмамбетов жана Суюунбек Ниязбеков, Бишкек ШИИББнын башчысы Азамат Токтоналиев, генералдар клубунун башчысы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, Күзөт кызматынын мурдагы башчысы милициянын генерал-майору Талант Исаев, Күзөт кызматынын ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү катышты.


Келген конокторго ИИМдин Күзөт кызматынын “Санарип күзөт” борборунда Бишкек шаарынында жайгашкан орто мектеп жана банк мекемесин айгай белгиси боюнча GPS-картасы, боди-камера менен камсыздалган кармоо топторунун тейлөөсү түз көргөзүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Ички иштер министрлигинин санариптештирүү боюнча койгон талаптарын аткарууда ИИМдин Күзөт кызматы этап-этап менен көптөгөн иш аракеттерди аткарып келүүдө.


“Санарип күзөт” долбоорун ишке ашырууда ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук көзөмөл пунктунда иштеп жаткан пультардын эскилиги келип жеткендиктен, мурунку аналогдук пульттар алмаштырууга туура келип, бүгүнкү күндө Россия Федерациясында жайгашкан завод-ишканалар менен тыгыз иш жүргүзүлүп, заманбап санариптешкен “Проксима”, “Навигард” жана “Лунь” пульттары кайтарымсыз түрдө алынып келип ишке берилди.
Долбордун алкагында, кайтарууда турган объектилердин автоматташтырылган толук базасын түзүүдө, анын ичинде ар бир объектинин чиймелери, фотосүрөттөрү, жоопкер адамдарынын тизмеги жана кайтаруу каражаттары аркылуу бөгөт коюу, кайтаруу зоналары боюнча маалыматтары ар бир пультта киргизилди; бирдиктүү бир сервердик башкаруу системасынан кармоо топторунун электрондук планшеттерине кайтарууда турган объектиден айгай сигналы автоматтык түрдө келип түшүшү каралды.


. “Санарип күзөт” долбоорун ишке ашырууда, видеодубал, бодикамераларын, докстанциясын жана сервердик каражаттарын мамлекеттик сатып алуу порталына киргизилип, жалпы суммасы 4 535 500 сомго сатылып алынды.
Жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын БКПна видеодубал орнотулуп, бодикамералар Бишкек шаардык түзүм бөлүмдөрүнүн кармоо топторуна берилип, программалык жабдылыштары жүктөлдү. ИИМдин бирдиктүү базасына кошулду.
Бодикамераларды кубаттандыруу убактысында чогулган маалыматтарды автоматтык түрдө көчүрүп алуучу архивдик сактоочу сервердик каражаттынын “Докстанциясы” компьютердик жабдыгы ИИМдин Күзөт кызматынын нөөмөт бөлүмүнө орнотулуп ишке берилди.
Мындан тышкары, чакырылган конокторго нөөмөт бөлүгү жана ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын кабинетинде санарип күзөт дубалынын байланышынын иштеши менен тааныштырылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматындагы техникалык каражаттар, атайын каражаттар, кармоо топторунун жана курама топтун кызматкерлеринин ар түрдүү жабдыктары жана кызматтык иттери көрсөтүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button