Коом

Россияда 21 жаштагы кыргыз кыз бычакталып ооруканага түштү

Россиянын Всеволожск шаарында кыргызстандык кыз бычактан жаракат алып ооруканага жеткирилгенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Такталгандай, 7-октябрда Всеволожск шаарынын Севастопольская көчөсүндөгү батирден 21 жаштагы кыргызстандык жаран оор абалда ооруканага жеткирилген. Кызга ич көңдөйүнө сайылган сайылган жаракат деген диагноз коюлган. Оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон жерде 32 жаштагы эркек киши болгон. Ал мурунку түнү ичип келип уктаганын, эртең менен ойгонгондо жабырлануучу бычак кармап жанында турганын көргөнүн айткан. Ошондой эле кыз бычактын үстүнө өзү жыгылганын айткан.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button