Баткенде Германиянын колдоосу менен 27 айыл таза суу менен камсыздалат

Баткен облусунда Германиянын каржылык колдоосу менен 27 чек ара айылында ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун ишке ашырылышын президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Mercy Corps жана PATRIP эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү менен талкуулады.
Иштер Германиянын өкмөтү тарабынан PATRIP фонду аркылуу каржыланган «Тынчтык үчүн суу: климатка туруктуу жана тынч жамааттар» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Учурда Баткен районунун Паскы-Арык, Самаркандек, Ак-Татыр, Капчыгай жана Көк-Таш айылдарында сугат каналдарын жана ичүүчү суу системаларын жакшыртуу иштери башталды.
Суу инфраструктурасын жаңылоо айыл чарбасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана калкты туруктуу суу менен камсыздоого шарт түзөт деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, долбоор чек ара аймактарында туруктуулукту чыңдоого жана коңшулаш айылдардын ортосундагы жакшы мамилелерди бекемдөөгө багытталган.
Абдирашит Ташбалтаев Баткен облусун өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Германиянын өкмөтүнө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантууну макулдашты.



