Коом

Бишкектин айрым аймактарында газ эки күнгө өчүрүлөт

Бишкекте жер алдындагы орто басымдагы газ түтүгүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу 29-октябрдан 30-октябрга чейин борбор калаанын айрым аймактарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришти.

Газ төмөнкү аймактарда берилбейт:

  • Чоң Чүй каналы (БЧК), Лермонтов, темир жол, Ленин, Калинин көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелген аймакта;
  • Энергетиктер шаарчасында;
  • «Аламүдүн-1» кичи районунда;
  • Куруучулар шаарчасында;
  • «Учкун» кичи районунда;
  • «Учкун» конушунда;
  • «Тунгуч» кичи районунда;
  • «Рухий Мурас» конушунда;
  • «Кырман» конушунда.

Ошондой эле аталган аймактардагы АГНКС, «Бишкек Сүт», «Алтын Ажыдаар» ЖЧКсы, «REEMTSMA» ААКсы жана «Жанар» ЖЧКсы да газсыз калат.

«Бишкекгаз» газ кызматы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн абоненттерден кечирим сурап, газ берүү токтотулган мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын пайдаланууну өтүндү.

Тектеш кабарлар

Back to top button