Бишкекте жол чийиндерин тартуу күндүз жүргүзүлөт

Бишкекте жол чийиндерин тартуу иштери эми күндүз гана жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Буга чейин жол чийиндери унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратпоо максатында негизинен түнкүсүн тартылып келген. Бирок аба ырайынын суукташына байланыштуу иштерди күндүз жүргүзүү чечими кабыл алынган.
Ишкананын маалыматына ылайык, түнкүсүн температура төмөн болгондуктан боёктун кургашына көбүрөөк убакыт талап кылынат. Ал эми күндүз жол чийиндери болжол менен 20 мүнөттө кургап, андан кийин унаа кыймылы кайра жанданат.
Графиктин өзгөрүшүнө жол жумушчуларынын коопсуздугу да себеп болгон. Муниципалдык ишкананын маалыматы боюнча, буга чейин түнкүсүн жол чийиндерин тартып жаткан кызматкерлерди унаа сүзүп кеткен учурлар катталган.
Ушуга байланыштуу жол чийиндерин тартуу иштери эми күндүз жүргүзүлүп, бул жумуштарды тезирээк бүтүрүүгө жана кызматкерлер үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда ишкана жол чийиндерин түнкүсүн тартуу иштери качан кайра жанданарын тактаган жок.



