Коом

Бишкектеги балдар клиникасында ири өлчөмдө баңгизатын уурдоо фактысы аныкталды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 1340 ампуладагы күчтүү дары-дармектердин уурдалганын аныкташты.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси жана 291-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдан бери Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде анестезиолог-реаниматолог болуп иштеп келген 1991-жылы туулган К.Т. аттуу жаран аныкталды. Ал кызмат абалынан пайдаланып, «Д» аттуу ЖЧКсынын клиникасынын директорунун атынан жасалма түрдө баңгизатын алууга ишеним каттарды жасап жүргөн.

Баңги каражаттарына түздөн-түз ээ болуу менен шектүү жеке колдонуу үчүн баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жашыруун уурдап, бул аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Кармалган Ч.Т. тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, корутундусу менен укуктук баа берилет.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button