Коом
Футбол боюнча башкы машыктыруучусу Максим Лисицын Катар менен беттеш алдында билдирүү жасады

«Беттешке даярдык биз пландагандай жүрдү. Бир гана нерсе — командага бир нече оюнчу бир аз кеч кошулуп калды. Бирок бул биздин оюнга таасирин тийгизбейт деп ишенебиз. Катар курама командасынын күчүн жана эл аралык аренадагы жетишкендиктерин жакшы түшүнөбүз. Ошентсе да ар бир оюнда оң натыйжага жетүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз», — деген ал
Эске салсак, «Ак шумкарлар» Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында эртең, 10-октябрда, Катар менен беттешет.



