Саясат
Садыр Жапаров: Батыш өлкөлөрү Россия менен кызматташпагыла деп айтпашы керек

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Россия 1» телеканалына берген маегинде Батыш өлкөлөр Кыргызстанга жана башка өлкөлөргө Россия менен кызматташтык боюнча эмне кылууну айтпашы керектигин билдирди.
Белгилей кетсек, маек КМШ мүчө-өлкөлөрдүн 8-октябрда Москва шаарында болгон жыйынында берилген, бирок ал эфирге кечээ чыкты.
«Бул, албетте, туура эмес, анткени мен Европаны кыдырып чыкканымда, алар бир нерсени айтып, башкасын жасашат. Өздөрү дагы. НАТО же Евросоюзга кирген Европа өлкөлөрү бар, алар да Россия менен кызматташат. Ошондуктан алар бизге Россия же КМШ өлкөлөрү менен кызматташпагыла деп айтпашы, көрсөтпөшү же суранбашы керек», — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстан бардыгы менен кызматташуусу керектигин белгиледи.



