Коом
Баткенде жолбун ит төрт адамды тиштеп, алар ооруканага түштү

Маалыматты бизге Ветеринардык кызматтын Эпизоотия бөлүмүнөн тастыкташты. Окуя кечээ, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Чет Кызыл айылында болгон.
Ит тиштегендердин бири чоң адам, үчөө балдар экени (3, 7 жана 11 жашта) маалым болду.
«Учурда жеринде ветеринарлар иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Иттин ээси, ал эмне себептен бошонуп кеткени такталууда. Ошондой эле иттин өзү кутурма менен ооруп-оорубаганын аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү”, — деп билдиришти Эпизоотия бөлүмүнөн.



