Окуялар
Бишкектеги унаа базарынан 31 миң доллар жана 2,1 млн. сом уурдалган

Бишкектеги унаа базарында ири суммада акча уурдаган кылмыштуу топ колго түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
Военно-Антоновкадагы “Риом” унаа базарында машинадан ири суммадагы акча уурдаган эки киши кармалды
Жабырлануучу уурулар анын Honda Stepwgn унаасынын терезесин талкалап, ичиндеги 30,9 миң доллар менен 2,15 млн сомун алып кеткенин билдирген.
Милиция кылмышка шектүү делген 40 жана 51 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Тинтүү учурунда алардын үйүнөн далил катары 29,8 миң доллар жана 1,689 млн сом табылган.


