Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды

Бугун, 21-октябрь күнү Жалал-Абад облусундагы укук коргоо органдары үчүн жаңы курулган имараттардын ачылуу аземи болуп өттү. Анда, Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, анын орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, Жалал-Абад шаарынын жергиликтуүү бийлик өкүлдөрү жана өздүк курам катышышты.

Жалал-Абад шаарындагы Кашкина көчөсүндө жайгашкан мурдагы Жалал-Абад ШИИБдин эски имараты капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, Жалал-Абад облусундагы милиция кызматкерлеринин балдары үчүн алгачкы 120 орундуу №30 «Жеткинчек» балдар бакчасынын ачылуу аземи болуп, кызыл тасмасы кесилди.
Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков өз сөзүндө, иш-чаранын конокторун жана кызматкерлерин имараттын ачылуу аземи менен куттуктап, дээрлик, бардык аймактарда, ушуга окшогон бала-бакчалар биринин аркасынан бири ачылып, келечек муунга туура тарбия берүү ишмердиги толугу менен колго алынгандыгын баса белгиледи.
“Урматтуу иш-чаранын коноктору, урматтуу кесиптештер. Жалал-Абад шаарында, элибиздин коопсуздугун камсыздап, өз милдеттерин тактыктуу аткарып келе жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана ардактуу ардагерлерге бүгүн өзгөчө күн болуп турат.
Анткени, сиздер менен чогуу, баардык заманбап шарттары камтылган бала-бакчаны ачуу аземин өткөрүп жатабыз. Бул салтанатка байланыштуу, баарыңыздарды Ички иштер министрлигинин өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
“Жеткинчек” деп бала-бакчанын аты айтып тургандай, бул жерде мектепке чейинки курактагы жаш балдарга мыкты таалим-тарбия берип, аларды мекенди сүйүүгө, жаратылышты урматтоого, келечекте чыгаан инсандарды калыптандырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул бала-бакчада, ден-соолугу бекем, акыл-эстүү, жана адептүү балдар тарбияланып, баардык зыяндуу чакырыктардан да корголот деп ишенем.
Ички иштер министрлиги баардык региондордо, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн, бала-бакчаларды ачып, ишке киргизип жатабыз. Мындай бала-бакчаларды ачып, ишке киргизүү боюнча иш-чараларды дагы да, болсо токтотпой улантабыз”, — деди Улан Ниязбеков.



