Окуялар
Таласта катуу келе жаткан унаа кырсыкка кабылып, жаш келин уулу менен каза тапты

23-октябрда Талас шаарындагы №4 мектептин жанында жол кырсыгы катталып, адам өмурү кыйылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнөн билдиришти.
«Ак түстөгү автоунаа жол эрежесин одоно түрдө бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып, жөө өткөлүнөн өтүп бара жаткан жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Учурда кырсык болгон жерде кызматкерлер иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.
Талас облустук ооруканасынан билдиришкендей, кырсыктан каза тапкан 31 жаштагы келин жана анын алты, төрт жаштагы уул-кызы мейитканага (морг) түшкөн.



