Коом

Бишкек шаарында EXPO-2024 көргөзмөсү өтөт

25-27-октябрь аралыгында Бишкекте EXPO-2024 көргөзмөсү өтөт. Иш-чара КР Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулууда.

Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, EXPO-2024 төмөнкү багыттар боюнча продукцияларын жана кызматтарын сунуштаган ата мекендик жана чет элдик өндүрүүчүлөрдү бириктирет:

  • жеңил өнөр жай жана текстиль;
  • тамак-аш жана айыл чарба продукциясы;
  • жаңы технологиялар жана инновация.

Көргөзмөгө келгендер алдыңкы компаниялардын продукциялары менен таанышып, бизнес байланыштарды, өз ара пайдалуу келишимдерди түзө алышат жана бизнести өнүктүрүүгө багытталган мастер-класстарга жана семинарларга катыша алышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button