Түркиядагы терактта беш киши каза болуп, 20дан ашыгы жараат алганы айтылды

Анкарада Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасындагы жарылуу жана атышуу болгон жерде кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды, 20дан ашык киши жараат алды. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдирди. Ал окуяны «террордук кол салуу» деп атады.
Түркиянын NTV телеканалы кол салгандар аталган компанияга күндүз кадимки такси менен келишкенин кабарлады. Курал-жарактарын алып чыгып, имаратка кирүүгө аракет кылышкан. Бирок коопсуздук кызматкерлери аларды токтоткондон кийин жарылуу болгон. Болжол менен жанкечти өзүн жардырып жиберген.
Жеринде полиция жана күч органдары иштеп жатат. Айрым маалымат булактары атышуунун добушу угулганын, бир нече киши компаниянын кире беришин жардырганын, алар жумушчуларды барымтага алган болушу ыктымал экенин жазышты.



