Пайдалуу кеңештер
Этикет эрежелерин билесизби?

Конокко барганда же кайсы бир сыйлуу жерде сыйлуу адамдар менен отуруп калганда стол жанында кандайдыр бир эрежелерди сактоого туура келет. Ал сиздин тарбиялуу жана билимдүү экениңизден кабар берет. Ошондуктан бул эрежелерди билип алыңыз:
- Столго биринчи аялды, андан кийин гана эркекти чакыруу керек. Түштөнүүгө же кечки тамакка чакырылсаңыз, кечигип баруу болбойт.
- Шекер өзүнчө идишке салынып, кашык менен чогуу берилет.
- Столго отурганда азыраак алдыга эңкейип отуруу керек. Отургучка кеңири отуруңуз.
- Нан кесимин тиштеп жегенге болбойт, колуңуз менен сындырып алып оозго салыңыз.
- Спагетти жеп жатканда бычакты кошууга болбойт, аны вилка жана чоң кашыктын жардамы менен жеш керек, а деңиз азыктарын жеп жатканда, мисалы ракты кол менен, креветканы вилка менен, ал эми балык, желе же пудинг вилка же кашык менен желет.
- Каймак майды же оливка майын нанга сыйпоодон мурда, анын өзүңүзгө керектүү бөлүгүн алып тарелкаңызга салып алыңыз. Ошондой эле нан кесимин толук бойдон эмес, оозуңузга батаарлык бөлүгүнө гана май сыйпаңыз.
- Дарбыздын кесимин дайыма вилка менен жеңиз.
- Сиз колдонгон табак-тарелканы эч убакта столго кайра койбоңуз. Эгер эле ал тарелканы кайрадан тамак салып жей турган болсоңуз гана калтырууга болот.
- Тиштин арасына камалып калган тамак калдыгын тиш тазалыгыч менен алыңыз, бирок столдун жанында эмес, ал үчүн дааратканага барыңыз.
- Салфетка бир гана кийимди так калуудан сактоого эмес, помадаңыз же майлуу оозуңуз менен приборлорду булгап коюудан сактануу үчүн да берилет.
- Вино куюлган бокалды үч манжаңыз менен «бутунан» кармаңыз. Чыныгы вино сүйүүчүлөр ушинтип кармашат. Биринчиден бокалда манжаңыздын изи калбайт, экинчиден винонун даамы жана температурасы колуңуздун табы менен өзгөрбөйт.
- Данеги бар жемиштерди минтип жеш керек: ооздон данекти кашыкка акырын чыгарып, анан аны тарелкаңызга салыңыз.