Коом

26-октябрга карата аба ырайы

Ишембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолуу унаа жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Таласта +8…+13, Ош менен Жалал-Абад өрөөндөрүндө +14…+19, Баткен аймагында +13…+18 градус, Ысык-Көлдө +10…+15, Нарын жергесинде +9…+14 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы борбор калаада +11…13 градус болсо, Ош шаарында +14…+16 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button