Спорт
Мыктыбек Оролбай уулунун беттеши UFC 308 турниринин эң мыкты таймашы деп табылды

Оролбай уулу менен анын атаандашы Матеуш Ребецки (Польша) эми акчалай сыйлык алышат.
Бүйүр кызыткан беттеште эки спортчу тең жаракат алган. Оролбай уулунун мурду сынып, кармашуунун жарымын шишиген көзү менен өткөрдү. Калыстар жеңишти көпчүлүк добуш менен Ребецкиге ыйгарган.
ЖМКлар калыстардын чечими көрүүчүлөрдүн нааразычылыгын жаратканын жазууда. Мындан тышкары, соцтармак колонуучулары жеңиш Оролбай уулуна берилиши керек эле деген комментарийлерди калтырууда.



