Спорт
Кыргызстандын таяк тартыш командасы дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын мас-рестлинг боюнча командасы Орусияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат.
Сегизинчи дүйнө чемпионаты 28-29-ноябрда Казан шаарында (Орусия) өтөт.
Кыргызстан командасынын курамында 15 спортчу — 10 эркек жана 5 аял болот. Машыктыруучулар курамына Марат Раматов, Келдибек Атайбек уулу, Эржан Акылбек уулу жана Азиз Кыйкеев кирди.
Мелдешке 55 өлкөнүн спортчулары катышат деп күтүлүүдө.



