Саясат
Элмурза Сатыбалдиев депутаттыктан кетти

Депутат Элмурза Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу мандатын тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 31-октябрда парламенттин жыйынында айтты.
Спикер Нурланбек Шакиев депутатка ден соолук каалады.
Эскерте кетсек, Элмурза Сатыбалдиев бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Өзгөндөн шайланган.



