Коом
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, 8 адам ооруканага жаткырылды

Окуя 30-июлда болгон. Нарын РИИБинин маалыматы боюнча, Mercedes-Benz Sprinter менен Toyota RAV-4 унаалары кагышкан.
Бишкек шаарына бара жаткан бустун ичинде 17 жүргүнчү болгон. Анын айдоочу менен 2 жүргүнчүсү облустук оорукананын сынык жаракат бөлүмүнө, 1 жүргүнчүсү жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Ошондой эле Toyota RAV-4 унаасынан айдоочу менен 2 жүргүнчү сынык жаракат бөлүмүнө, 1 жүргүнчүсү жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.



