Коом

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кыргыз милициясынын 100 жылдыгын белгиледи

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККда кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленди. Өзгөчө иш-чаралар жана маданий программа менен белгиленген өлкө үчүн маанилүү окуя укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жарандардын коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирүүгө негиз болду. Бир катар кызматкерлер жан аябас эмгеги үчүн ведомстволук медалдар менен сыйланышты.
ИИМдин БМЖКККнын башчысы Уланбек Султанов Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата ИИМдин БМЖКККнын бөлүмдөрүнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү жетишкендиктерди белгиледи.


БМЖКККнын кызматкерлери Кыргызстанда укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу менен бирге баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө талыкпай эмгектенүүнү улантууда.


Майрамда баңгизаттардын жайылышына жол бербөө менен коомдо туруктуулукту сактоого жана жаштардын ден соолугун коргоого кызмат кызматкерлеринин берилгендиги баса белгиленди.
Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тарыхындагы маанилүү барак, муундардын уланмалуулугунун жана тартип сакчыларынын эмгегин сыйлоонун символу болоору шексиз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button