Коом
Билим берүү министрлигинде талапкерлерди конкурска даярдоо иштери башталды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлер үчүн онлайн-семинар өткөрүүдө.
Конкурска даярдануу боюнча окутуулар 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин ZOOM платформасы аркылуу болот.
Бүгүн, 4-ноябрда, Чүй, Ош облустары боюнча өтүп, ага 200дөн ашык адам катышты. Окутуулар бардык облустарда жүрөт. 5-ноябрда Талас, Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарында. 6-ноябрда Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында болот.
Онлайн семинарга төмөнкү шилтеме аркылуу катышууга болот:



