Дүйнө
Дональд Трамп алдыда. АКШдагы президенттик шайлоо
АКШда өтүп жаткан президенттик шайлоодо үч штатта (Висконсин, Түндүк Каролина, Жоржия) Трамп алдыга озуп чыкканын америкалык ЖМКлар жазып чыгышты.
Маанилүү деген штаттын бири Пенсильванияда алгач Камала Харрис алдыда болсо, добуштардын 50 пайызы саналгандан кийин Трамп андан ашып кеткени белгилүү болду.
АКШда өтүп жаткан президенттик шайлоодо демократтардан вице-президент Камала Харрис, ал эми республикачылардан Дональд Трамп ат салышууда. Мында эки партиянын бирине да артыкчылык берилбеген штаттардагы шайлоонун жыйынтыгы чечүүчү мааниге ээ болуп турганын жазууда жергиликтүү ММК булактары.