Дүйнө
Сауд Өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мектептин курулушуна 50 млн доллар бөлүүнү карап чыгат

Садыр Жапаров бүгүн фонддун директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен Эр-Рияд шаарында жолугушту. Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад фонд кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.



