Коом
Быйыл Кыргызстандан Кытайга каттоочу жаңы жол салынат

Акылбек Жапаров Кашкарда Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун башчысы Ма Синжуй менен жолугушту. Анда Барскоон — Учтурпан — Аксу жолунун курулушу боюнча кеп козголгон.
«Биздин мамлекеттердин башчылары “Бедел” жаңы өткөрмө пунктун ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча чоң милдеттерди коюшту. Албетте, “Бедел” эки өлкө ортосундагы достуктун жаңы этабын ачып, Кытайдан Борбор Азия жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң салым кошору шексиз», — деди өкмөт башчы.
Өз кезегинде Ма Синжуй Жапаровдун сунуштарын колдой турганын билдирди.



