Коом

27-майга карата аба ырайы

27-май, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачындын катуу болушу болжолдонууда. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Талас, Нарын аймактарында +19…+24, Ысык-Көл өрөөнүндө +18…+23 градус жылуу болот.

Борбор калаа Бишкекте ала булут каптап, күндүн табы +22…+24, Ош шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп +21…+23 градус жылуу болору күтүлөт.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button