Мирлан Самыйкожо мугалимдердин кадыр-баркын коргогон мыйзамды күчөтүүнү сунуштады

Ал жакында болгон окуяда салынган айып пулду депутаттар былтыр өзүлөрү кабыл алганын айтып кейиди.
“2023-жылы ушул жерде Бузуулар кодексинде мугалимдин статусун көтөрүү боюнча элдик топ мыйзам демилгелегенбиз. Кечээки айымга салынган миң сом айып ошол мыйзамдын негизинде болуп калды. Өзүбүз ошол миң сомго түшүрүп алганбыз”, — деди эл өкүлү.
Ал өкмөткө бул мыйзамды Билим берүү министрлиги менен кайрадан карап чыгууну сунуштады.
“Эртең дагы бирөө келип дагы бир мугалимдин чачын жулуп кетет. Дагы бир окуучу келип дагы бир мугалимди шылдыңдап кетет. Бул токтобойт. Президент көңүл буруп жаткандан кийин өкмөт ушуга бир мыйзам алып келсинчи. Билим берүү министрлигине айтыңыздар. Бузуулар кодексинде жазылып турат, бул мыйзамды күчөтүп коелу”, — деди Мирлан Самыйкожо.



