Дүйнө

Израиль менен Ливан ок атууну токтотууну макулдашты

Элдешүү бүгүн, 27-октябрдын таңынан тарта, күчүнө кирди.

Израилде ок атылары же дрондордун кириши тууралуу сиреналардын жаңырбай калганына төрт сааттан ашты. Ливандан да ЦАХАЛдын чабуулдары тууралуу маалымат түшө элек.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, эгер элдешүүнүн шарты «Хезболла» тарабынан бузула турган болсо, Израиль дароо жооп кайтарарын айткан.

Эми Ливан 60 күндүн ичинде түштүктөгү аймактарын ээлеп, «Хезболланын» инфраструктурасы Литань дарыясынан түндүктү көздөй жылышы керек. Ал эми Израиль бул убакыт арылыгында коңшу өлкөнүн аймагынан куралдуу күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши зарыл. Макулдашуунун шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн АКШ башында турган эл аралык комитет түзүлөт.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button