Коом

Гүлмира Акимканова, жеке ишкер: «Жакшы иш – жакшы ойдон башталат»

Гулмира Акимканова,     «Үч периште» («Три Ангела») ЖЧКсынын башкы директору.  Ар бир түйшүктүн, эмгектин, аракеттин артында чоң ийгилик, жаратмандык турат эмеспи. Гүлмира айым  Кыргызстанда ийгиликтүү ишкер жана кыргыздын мыкты айымдарынын бири. Ал ишкердиктин, ийгиликке жетүүнүн сырлары тууралуу айтып берди.

-Адам жаш кезинде эмнени кыялданса ошонун баарына жетет деген сөз бар. Кичинемде чоң энемдин тарбиясын алгандыктан  жашоого көз карашым эрте эле калыптанып,  эмгекке бышып чоңойдум.  Мектепти аяктагандан кийин университетте окуп, ошол эле учурда  жаным тынбай иштеп, акча таап, ата-энеме жардам бере баштадым. Кичинемде эле кыялкеч элем. Ошол кыялдарымдын баары орундалды десем болот. Кудайга шүгүр, иштерим ийгиликтүү, турмушум таттуу болуп, балалыктагы  жакшы кыялдарым ишке ашты.

Ийгиликтин сыры – өжөрлүк, талыкпас мээнет

Ар бир ийгиликтин артында чоң түйшүк турат эмеспи. Окуу менен биргеликте студент кезимден эле ишкер чөйрөгө аралашып, ишкерликтин ачуу-таттуу, оош-кыйыштуу жолдорун үйрөндүм. Ишкерликти 2004-2005-жылдары үй тиричилигине керектүү буюмдарды сатуудан баштап, бүгүнкү күнгө чейин «Дордой» соода комплексиндеги «Жунхай» соода борборунда турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды сатуучу соода жайында дүңүнөн соода кылып,  жолдошум жана бир туугандарым менен ийгиликтүү иштеп келе жатам. Соода кылуунун да түмөн түйшүгү, элге билинбеген кыйынчылыктары, сырлары бар. Ишкерлик дагы оңой эмес, бизде дагы көп кыйынчылыктар болду.  Кардарлар менен болгон мамиле, уюштуруучулук жөндөм, сабырдуулук, анан жардамчыларыңдын дагы орду чоң болот. Ийгиликке жетүү үчүн өжөрлүк, талыкпас мээнет, изденүү менен иштөө керек. Анча-мынча кыйынчылыктарга моюн сунбастан, алдыга жылып, максатка умтулуу зарыл. Астыма койгон максатка жетүү үчүн өтө катуу аракеттенем. Бул менин артыкчылык сапатым экенин билем. Жана ишкерликке кадам таштагандарга да максатка жетүү үчүн өжөр, кайраттуу жана сабырдуу болгула дейт элем. Булар менин жеке тажрыйбамдан өткөн нерселер!

Жакшы күн, жакшы ойдон башталат

Ушул сөздү туу тутуп келем, эртең менен ойгонгондо эле  адам ар дайым позитивде болуш керек.

Адам эч качан байлыктын артынан чуркабашы керек, байлык сенин артыңан чуркагандай аракет кылганда гана ийгиликке жетесиң. Дүйнөдө бай адамдардын жакшы сөзү бар, акчаны  башкарганды, колдонгонду үйрөнгөндөн кийин акча сага өзү ээрчип келип баштайт деген. Эч качан оңой ийгиликке  умтулбаш керек. Ийгиликке жалаң гана аракеттин аркасынан жетесиң! Кыргызда жакшы сөз  бар  «Аракет кылсаң берекетке жетесиң» деген. Бул эң  туура сөз. Ошондуктан менин оюмча, талыкпаган аракет,  өжөрлүк, мээнет, финансылык туруктуулукка жеткирет. Өзүң  ийгиликке жетсең, жакындарыңа, муктаж болгондорго жана эң  негизгиси өзүңдүн өлкөңө  пайдаң тийсе, ошондо гана адам ийгиликти багындырып, бактылуулукка жетет деген ойдомун.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button