Без рубрики

УКМК кызматкерлеринин кесиптик майрамына уюштурулган кыз-келиндер арасындагы мелдеши аяктады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат  борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 2024-жылдын 2-декабрында КР Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө  карата өткөрүлгөн УКМКнын кыз-келиндер арасындагы мелдеши аяктады.

Аталган турнир эки дисциплина: баскетбол жана 1000м. эстафета боюнча болуп өттү. Мелдешке КР УКМКнын Борбордук аппаратынын, УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн, УКМКнын 9-кызматынын жана КР УКМКнын «Бөрү» Чек ара кызматынын тайпалары катышты.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев мелдештин жабылуу аземинде сөз сүйлөп, жеңүүчүлөрдү куттуктады. Төрага дене тарбия жана спорт ден соолукту чыңдоонун жана сактоонун эң маанилүү факторлорунун бири экенин белгилеп, УКМК кызматкерлерин мындан ары да дене тарбия даярдыгы менен активдүү алектенүүгө чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button