Коом
ТИМ Сириядагы кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

«Министрлик Сириянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын көңүлүн коопсуздук чараларын сактоо зарыл экенин айтат. Кырдаал турукташканга чейин жарандарга Сириядан чыгып кетүүнү сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.
Зарыл болгон учурда кеп-кеңеш же жардам алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:
Кувейттеги элчилик: +965 517 021 80;
Түркиядагы элчилик: +90 545 689 68 00.



