Чүй жана Нарын областык милиция жетекчилигине тажрыйбалуу офицерлер дайындалды

ИИМдин буйруктарына Нарын жана Чүй областтык ички иштер Башкармалыктарынын жана ИИМдин Күзөт кызматына жетекчилигине тажрыйбалуу офицерлер дайындалды. Милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев Чүй ОИИББнын начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын ОИИБнын начальниги кызматына, милициянын полковниги Дамирбек Исаков Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) начальниги кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББнын начальниги кызматына дайындалды.
Ал эми милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов Чүй ОИИББдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) начальниги болуп дайындалды.Ошондой эле милициянын полковниги Талантбек Аттокуров Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Жайыл РИИБнын начальниги кызматына дайындалса, милициянын полковниги Искен Базаркулов Чүй облусунун Жайыл РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп Чүй ОИИББнын начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Ал эми ИИМдин карамагында турган милициянын полковниги Руслан Кадыров Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана аны алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди.





