Кыргызстандын тышкы карызынын көрсөткүчү жыл сайын азаюуда

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети Кыргыз Республикасынын бюджетинин 2023-жылдагы аткарылышын карап жатат.
Депутат Алишер Эрбаев Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПга карата 45 пайызды, а тышкы карызы 11,8 пайызды түзөөрүн белгиледи. Ал кандай көлөм олуттуу болоорун сурады.
Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев мамлекеттик карыздын чеги ИДПга карата 70 пайыздан ашпашы керектигин айтты.
«2028-жылга карата мамлекеттик карыздын көлөмү 26 пайызга азаят деп эсептейм», — деди ал.
«Жыл сайын мамлекеттик тышкы карызынын көрсөткүчү азаюуда, бүгүнкү күндө 43,5 пайызды түздү. Азыр тышкы карызды төлөөнүн жогорку чегинде турабыз. Эгер өнүккөн өлкөлөрдөгү кырдаалды алсак, аларда да кырдаал өтө жакшы эмес», — деп кошумчалады министрдин орун басары.



