Коом

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды. Ал кандай иштейт?

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча» Мыйзамына кол койду.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

-сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга ар тараптуу жардам көрсөтүү;

-зомбулук жасагандардын жазасыз калуусун жоюу;

-кылмыштын жабырлануучулары үчүн сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу;

-жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу;

-сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кылмыш иштерин жана кылмыш иштерин жүргүзгөн кызмат адамдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

Эске салсак, статистикалык маалыматтарга караганда, 2019-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта Кыргызстанда 2566 зордуктоо фактысы катталган. Үй-бүлөдөгү кылмыштар түзүмүндө зордуктоо 2023-жылы 16 пайызды түзгөн.

(Фото: «Ачык линия» фондунун социалдык жарнамасы)

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button