Мелис Аспеков жети жылга соттолду

Активист Мелис Аспеков 7 жылга соттолду. Бул тууралуу маалыматты Биринчи май райондук сотунан ырасташты.
Сот аны массалык башаламандык уюштурууга ( Кылмыш-Жаза кодексинин 36ынчы жана 278-беренеси) күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратты. Мелис Аспеков жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абактарында өтөйт.
Активисттин жакындарынын билдирүүсүндө, ал коюлган айыпты мойнуна алган жок. Аспековдун жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылат.
Эскерте кетсек, активист 2023-жылдын сентябрында кармалган.
Мелис Аспеков 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон.
2021-жылы январь айында Аспеков «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашковдон 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган. 2022-жылы ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 7 жылга соттолгон. Кийинчерээк Бишкек шаардык сот аталган өкүмдү өзгөртүп, Аспековду 6 жылга эркинен ажыраткан.



