Саясат

Президент Садыр Жапаров министрлерге катуу эскертүү берди

Адилеттүү иштегенге көзүңөр жетпесе арыз жазып кеткениңер оң. Мындай пикирин мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал бийликтегилер эртели-кеч кетерин эскертип, чын жүрөктөн, ак ниет, таза иштеп берүүгө чакырды.

«Министрлерге айтарым, мурдагы заманды унуткула, ар бир жетекчи, өз тармагыңарды иретке келтиргиле. Коррупциялык элементтерди, уурулукту түп-тамыры менен жок кылгыла. Таза иштегиле. Эгерде адилеттүү иштегенге көзүңөр жетпесе эртерээк арыз жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы болот», — деди президент.

Президент Садыр Жапаров  мурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кеткен себебин да айтты.

Учурга чейинки жетишкендиктерге мурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун да салымы бар, эми анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок.

Мамлекет башчынын айтымында, өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы акыркы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салды.

“Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Усенбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле”,- деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле, мыйзамсыз иш аракеттеринен улам, салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болгондугун президент баса белгиледи.

Андан соң, өлкө башчысы эл өкүлдөрүнө кайрылып, коом турмушу саат жебесиндей токтобой кете берээрин, андыктан биз да өз ишибизди токтотпой улантышыбыз керек деп белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button