Саясат

Садыр Жапаров: Он балалуу үй-бүлөгө 2 миллион сом берилет

Мамлекет тарабынан көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү үчүн олуттуу кадамдарды жасалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу
жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү беруу пландаштырылууда.

Алсак:
– төртүнчү балага –100 миң сом;
– бешинчи балага – 600 миң сом;
– жетинчи балага – 1 миллион сом;
– сегизинчи балага – 1 миллион 200 миң сом;
– тогузунчу балага –1 миллион 500 миң сом;
– онунчу жана андан көп балага –2 миллион сом берилет.

Белгиленгендей, мындай көп балалуу болгондорду колдоо – келечекте Кыргыз Республикасынын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп калмакчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button