Бакен Кыдыкеева атындагы театры ремонттолууда
Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Реконструкциянын алкагында көрүү залдарын толугу менен жаңыртуу, техникалык жабдууларды модернизациялоо жана кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу каралган.
Театрдагы курулуш иштеринин жүрүшү менен министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев таанышып келген.
“Бакен Кыдыкеева атындагы театр биздин маданий тарыхыбыздын маанилүү бөлүгүнүн бири болуп саналат. Биз бул театр заманбап талаптарга жооп берип, өзгөчө жаштар үчүн кызыктуу болуусу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Жаңыртылган театр жөн гана спектаклдерди коюу жайы эмес, ар бир адам искусство менен жакындан тааныша турган чыныгы маданий борборго айланат”, — деди Ажымалиев.
Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин, 2025-жылдын экинчи кварталында театр кайрадан өз эшигин көрүүчүлөргө ачат деп күтүлүүдө.